Кыргыз-Өзбек университетинин медициналык
колледжине кабыл алынган биринчи курстун студенттери үчүн “Ыйгаруу аземи” онлайн форматта уюштурулду.
Иш-чарага ГС бирикмесинин окутуучусу Толкунбек Муратов модератор болуп, салтанаттуу иш-чара жогорку деңгээлде өттү.
КӨУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору, ф.и.к Сарыков Сыргак Токтосунович, КӨУ нун кесиптик кошунунун
төрагасы Эгембердиев Шералы Маннапович, медициналык колледжинин директору, м.и.к Равшан Джумаевдер куттуктоо сөзүн сүйлөп, 1-курстун студенттеринин окууларына ийгиликтерди каалап, оору-сыркоодон алыс болгула деген тилектерин билдиришти.
Андан соң 1-курстун студенттери ант берип, бүтүрүүчү курстун студенттери билим ачкычын, студенттик билет, окурмандык билет, зачеттук
китепчелерди тапшырышты.
КӨУнун маданий борбору тарабынан обондуу ырлар аткарылып, көркөм окуулар менен коштолду.