ТАРЫХЫ

Медициналык колледждин
«Хирургиялык жана стоматологиялык сабактар»
бирикмесинин башчысы
Абдыманапов Бектур Абдиллабекович
Абдыманапов Бектур Абдиллабекович 1985-жылдын 24-октябрында Ош шаарында төрөлгөн. 1991-жыл № 38- Б. Алыкулов орто мектебине 1-классына барган.9-классты аяктаган соң Ош шаарындагы №16- кесиптик лицейге өткөн. 2002-жылы Ош МУнун Медициналык факультетинин «Дарылоо иши» адистигине тапшырган. 2008-жылы Медициналык факультетти аяктап, дипломдон кийинки окуу борборуна клиникалык ординатурага тапшырып, Ош шаардык аймактык ооруканасынын «Травматология» бөлүмүндө өтөгөн.2010-жылдан бери КӨУнун Медициналык колледжинин «Хирургиялык жана стоматологиялык сабактар» бирикмесинде окутуучу болуп, 2019-жылдын февраль айынан тартып «Хирургиялык жана стоматологиялык сабактар» бирикмесинин башчысы болуп үзүрлүү эмгектенип келе жатат.

Медициналык колледждин
«Хирургиялык жана стоматологиялык сабактар»
бирикмесинин окутуучусу.
Турдиев Рузимамат Алимович. 1960-жылы 15-мартта Узб.ССР Андижан Облусуна караштуу Бештал айылында туулган. 1967-1977жылы Х.Ныязи атындагы №22-орто мектепти аяктагандан кийин 1977жылы Оштогу авто окуу жайын аяктаган. 1979-1981-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1981- 1987 -жылдары Ташкент Мамлекеттик Медициналык институтунун Стоматологиялык факультетинин «Стоматология иши» бөлүмүнүн « Врач – стоматолог» адистигин ийгиликтүү аяктаган. 1987 – 1988- жылдары Андижан областык стоматологиялык поликлиникасында врачтык интернатураны бүтүргөн. 1988–1990- жылдары Советик Куралдуу Күчтөрүндө Урал аскердик округундагы аскер бөлүгүндө врач – стоматолог болуп кызмат өтөгөн. 1990 – 1992-жылдары Ош облустар аралык стоматологиялык бирикмесинде «Дарыгер – стоматолог» болуп иштеген. 1992 – 1996-жылдары Ош обулусунун Өзгөн районунун Жалпак –Таш айыл өкмөтүнө караштуу К. Маркс атындагы айылдык амбулаториянын жетекчиси, башкы дарыгер кызматын аткарды. 1997–1998-жылдары Оштогу «Сапун» акы төлөп дарылануучу стоматологиялык поликлиникасында врач – стоматолог болуп иштеген. 1998 – 2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер бөлүктөрүнүн медициналык кызматтарында башчы кызматында иштеген.1999 — 2000 жылдардагы Баткен согушунун катышуучусу. 2010-жылдан Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн медициналык кызматынын ардагери. Отставкадагы медициналык кызматынын подполковниги. 2017-жылдан Кыргыз-Өзбек университетинин медициналык коледжинин «Хирургиялык жана стоматологиялык» сабактар бирикмесинин окутуучусу болуп эмгектенип келет.
Алган ардак грамоталар, алкыштар, сыйлыктар:
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрунө 15жыл медалы. — КР Коргоо Министрлиги.
« Баткен окуясынын катышуучусуна» медалы. КР Коргоо Министри.
Ветеран Баткенских событий 1999 – 2000 жж медалы . КР Баткен окуясынын катышуучулар комитети.
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Ыраазычылык каты» Куралдуу Күчтөрдүн Башкы камандачысы. 1999 ж.
Кыргыз Республикасынын куралдуу кучторунун тузулгондугунун 7- жылдыгына карата озгочо кызматы учун» Ардак грамота»- Баткен райондук мамлекеттик админстрациясынын башчысы. Баткен райондук Кенешинин төрагасы. 1999ж.
«Грамота» За добросовестное выполнение служебных обязанностей, примерную и высокое профессиональное мастерство, и в честь Дня зашитника Отечества. — Мииинистр Обороны КР. 2007 ж.
Грамота. За образцовое выполнение воинского долга, примерную воинскую дисциплину. – Командующий Южной Группировки Войск. 2008ж.
Грамота. Занявший 1 место по стрельбе из ПМ в Спартакиаде среди команд частей и подразделении Южной группировки войск, посвяшенной ко Дню Защитника Отечества. – Командующий южной группировки войск. 04. 022. 2009ж.
«Почетная грамота» За образцовое выполнение воинского долга — Командир в/ч 30629. 2006ж.
Почетная грамота. За добросовестное выполнение воинского долга и отличные показатели боевой подготовки. – Командир в/ч 30629. 2007ж.
«Грамота» За добросовестное отношение к исполнении своих служебных обязанностей, проявленное при этом старание и инициативу. Командир в/ч 92843.

Медициналык колледждин
«Хирургиялык жана стоматологиялык сабактар» бирикмесинин окутуучусу
Джораханов Икрам Тораханович
1973-жылы 9-январда Ош шаарында туулган.1996-жылы Андижан мамлекеттик медициналык институтунун дарылоо иши факультетин ийгиликтүү бүтүргөн. 1997-офтальмолог адистиги боюнча интернатураны бүткөн. Эмгек жолун 1997-1999 жылдары “Бакай медикал” Кыргыз-Куба бириккен ишканасында түштүк региону боюнча өкүлү болуп иштөөдөн баштаган.
- 1999-2001 жылдары Ош шаарынын АО»Текстильщик» иш канасынын медициналык бөлүмүндө дарыгер офтальмолог кызматында эмгектенген.
- 2001-2005 жылдары Кыргыз-Өзбек университетинин “Жарандык коргоо жана экстремалдык медицина” кафедрасында окутуучу. 2005-жылдын сентябрынан баштап 2019- жылдын февраль айына чейин медициналык колледждин “Хирургиялык жана стоматологиялык сабактар» бирикмесинде бирикме башчы болуп жигерлүү эмгектенген. Азыркы учурда тажрыйбалуу окутуучу болуп иштеп келе жатат.

Медициналык колледждин
«Хирургиялык жана стоматологиялык сабактар»бирикмесинин окутуучусу
Исмайилов Аслидин Хоринбаевич
Исмайилов Аслидин Хоринбаевич 1984-жылдын 15-августунда Ош областынын Араван районун Нурабад айылында туулган. 1990-жылы №27 Амир Темур орто мектебине 1-класска барып, ушул эле мектепти 2001-жылы ийгиликтүү аяктаган.
2001-жылы Ош МУнун Медициналык факультетине тапшырып 2007-жылы аяктаган.«2007-2008-жылдары 73809Кой таш аскердик бөлүгүндө кызматын өтөгөн. 2008-2010-жылдары ОМОКБнын «Хирургия» бөлүмүндө ординатурасын өтөгөн. 2010-жылы Араван райондук УДТ №8де клиникалык жетекчи болуп иштеген. 2013-жылдан баштап КӨУнун Медициналык колледжинин «Хирургиялык жана стоматологиялык сабактар» бирикмесинде окутуучу болуп эмгектенип келе жатат.

Медициналык колледждин
«Хирургиялык жана стоматологиялык сабактар»
бирикмесинин окутуучусу
Абдумаликова Минура Маннаповна.Ош областынын, Өзгөн районунун, Жыланды айылында 1977-жылы 13-ноябрда төрөлгөн.1984-1994 жылдары Өзгөн районунун, Жыланды айылынын «Новый Мир» орто мектебинде билим алган. 1995-2001 жылдары Ош Мамалекеттик Университетинин Медициналык факультетинин «Дарылоо иши» адистигин аяктаган. 2003-2005 жылдары «Анестезиология жана реаниматология» адистиги боюнча клиникалык ординатураны ООМКБ клиникалык базасында бүтүргөн.2007-жылдан бери КӨУнун медициналык колледжинде, «Хирургиялык жана стоматологиялык сабактар» бирикмесинде «Хирургия жана реаниматология» сабагынын окутуучусу болуп эмгектенип келет.
Үй бүлөлүү, 2 уул, 1 кыздын энеси.
Медициналык «Хир
ургиялык жана стоматологиялык сабактар»
сабактар бирикмесинин лаборанты.
Жанышбекова Нурсулуу 1995-жылы 28 августа Ош облусуна караштуу Алай районунун Гүлчө айылында туулган.
2002-жылы Гулчо айылындагы Т. Отунчиев атындагы гимназия мектебине биринчи класска барган, ошол эле мектепти 2013- жылы аяктаган.
2013-жылы Кыргыз-Өзбек университетинин медициналык колледжине “Акушердик иши” адистигине тапшырып, 2017-жылы артыкчылык диплом менен аяктаган.
2017-жылы август айынан баштап Кыргыз-Өзбек университетинин медициналык колледжинде «Хирургия жана стоматология» сабактар бирикмесинде лаборанттык кызматта эмгектенип жатат.

Медициналык колледждин
«Хирургиялык жана стоматологиялык сабактар»
бирикмесинин окутуучусу
Юлбарсов Элербек Дилмуратович
Юлбарсов Элербек Дилмуратович 1988- жылдын 7-февралда Ош областынын Араван районун Нурабад айылында туулган.
1995 –жылы №6 З.Розахунова орто мектебине 1- класска барып, ушул эле мектепти ийгиликтуу аяктаган.2006- жылы Ош МУнун Медициналык факультетина тапшырган.2012 –жылы Медициналык факультетти аяктаган.
2012-жылы ОМКБнын «Реаниматология» бөлүмүндө ардинатурасын өтөгөн.2014-жылдан баштап КӨУнун медициналык колледждин «Хирургиялык жана стомотологиялык сабактар» бирикмесинде окутуучу болуп эмгектенип келет.

Медициналык колледждин
«Хирургиялык жана стоматологиялык сабактар»
Бирикмесинин окутуучусу
Шакиров Абдулазиз Шавкатович
Шакиров Абдулазиз Шавкатович 1992-жылдын 11-июлда Ош шаарынын Туран кичи районунда туулган.
1999-жылы Ош шаарындагы №8-орто мектебине 1-класска барган, 2009-жылы ошол эле мектепти ийгиликтүү аяктаган.2009-жылы Ош МУнун Медициналык факультетинин Стоматология адистигине тапшырып 2014-жылы аяктаган.
2014-жылы Ош шаардык №2-Стоматологиялык поликлиникасында интернатураны өтөдү.
2016-жылдан баштап КӨУнун медициналык колледжинин «Хирургиялык жана стоматологиялык сабактар» бирикмесинде окутуучу болуп эмгектенип келе жатат.

Медициналык колледждин
«Хирургиялык жана стоматологиялык сабактар»
бирикмесинин окутуучусу,
Матаев Али- Мухаммед Абдыкадырович
1986-жылдын 4-апрелинде Ош областынын Кара-суу районунун Кызыл-Сарай айылында туулган.
1991-жылы Кызыл-Сарай орто мектебине 1-класска барган, 2003-жылы ошол эле мектепти ийгиликтүү аяктап 2003-жылы Ош МУнун Медициналык факультетинин Стоматология адистигине тапшырып 2012-жылы аяктаган.2012-жылы Ош шаардык №2 стоматологиялык поликлиникасында ординатураны өтөгөн.2015-жылдан баштап КӨУнун медициналык колледжинин «Хирургиялык жана стоматологиялык сабактар» бирикмесинде окутуучу болуп эмгектенип келе жатат.

Медициналык колледждин
«Хирургиялык жана стоматологиялык сабактар»
бирикмесинин окутуучусу,
Толубаева Арапат Исматиллаевна 1993-жылы 23-мартта Ош областындагы Араван районуна караштуу Октябрь айылында туулган.
1999-жылы Октябрь айылындагы №18-Манас атындагы орто мектебине 1-класска барган. 2010-жылы ушул эле мектепти ийгиликтүү аяктаган. 2015-жылы Ош МУнун Медициналык факультеттинин Стоматология адистигине тапшырып 2015-жылы аяктаган. 2015-жылы Ош шаардык №2-Стоматологиялык поликлиникасында интернатурага тапшырган. 2016-жылы интернатураны аяктаган. 2016-2017жылы Ош аймактык медициналык колледжде «Стоматология» сабагынан окутуучу болуп эмгектенген. 2018-жылдан баштап КӨУнун Медициналык колледжинде «Хирургиялык жана стоматологиялык сабактар» бирикмесинде «Хирургиялык стоматология» сабагынан окутуучу болуп эмгектенип келет.
Үй бүлөөлүү 1 кыздын энеси

Медициналык колледждин
«Хирургиялык жана стоматологиялык сабактар»
бирикмесинин окутуучусу
Женишбек уулу Талгат 1998-жылдын 2-октябрда Жалал-Абад областынын Аксы районун Авлетим айылында туулган . 2005-жылы №21 Ы.Акылбеков орто мектебине 1-класска барып, ушул эле мектепти ийгиликтүү аяктаган. 2016-жылы Ош МУнун Медициналык колледжине «Ортопедиялык Стоматология» адистигине тапшырган.2019-жылы Медициналык колледжди аяктаган.2019-жылдан баштап КӨУнун Медициналык колледжинин «Хирургиялык жана Стоматологиялык сабактар»бирикмесинде окутуучу болуп эмгектенип келе жатат.
Медициналык колледждин
«Хирургиялык жана стоматологиялык сабактар»
бирикмесинин окутуучусу
Тынаева Айзирек Алмасбековна 1990-жылдын 17-декабрда Ош областынын Кара-Суу районунун Жоош айыл өкмөтүнө караштуу Зарбалик айылында туулган . 1997-жылы №36 «Зарбалик» орто мектебине 1-класска барып, ушул эле мектепти ийгиликтүү аяктаган.
2008-жылы Ош МУнун Медициналык факультетинин «Стоматология» адистигине тапшырган. 2013-жылы интернатураны өтөгөн.
2014-жылдан баштап КӨУнун Медициналык колледжинин «Хирургиялык жана Стоматологиялык сабактар» бирикмесинде окутуучу болуп эмгектенип келе жатат. Үй бүлөлүү 2 уул, 2 кыздын апасы.
Медициналык колледждин
«Хирургиялык жана стоматологиялык сабактар»
бирикмесинин окутуучусу
Раимбердиева Аксана Калмурзаевна 1990-жылы 29-ноябрда Ош областынын Кара-Кулжа районунун Токбай-Талаа айылында туулган . 1997-жылы №7 «Б. Исаев» орто мектебине 1-класска барып, ушул эле мектепти ийгиликтуу аяктаган. 2008-жылы Ош МУнун Медициналык факультетинин «Стоматология» адистигине тапшырып 2013-жылы аяктап, 2013-жылы интернатураны өтөгөн. 2017-жылдан баштап КӨУнун Медициналык колледжинин «Хирургиялык жана Стоматологиялык сабактар» бирикмесинде окутуучу болуп эмгектенип келе жатат. Үй бүлөлүү 2 уулдун апасы.