ТАРЫХЫ
Бирикмеде төмөнкү окутуучулар эмгектенип жатышат
Медициналык колледждин
“Педиатрия, акушердик жана гинекологиялык сабактар”
бирикмесинин башчысы Табалдиева Эркингул Макамбаевна
1985-жылдын 23-июлунда Бишкек шаарында туулган. 1990-2000 жылдары Ош шаарынын Ю.А. Гагарин атындагы №17 гимназия орто мектебин артыкчылык аттестаты менен аяктаган. 2000-2006-жылдары Ош Мамлекеттик университетинин Медициналык Институтун аяктап “Дарылоо иши” адистигине ээ болгон. 2006-июнь-август. Биринчи кечиктирилгис медициналык жардам боюнча окуу курсун өтүп, сертификатка ээ болгон. 2006-2008-жылдары Ош шаардык Перинаталдык Борбордо Дипломдон кийинки Медициналык Билим Алуу Борборунун базасында Клиникалык ординатураны аяктап “Акушер-Гинеколог” идистигине ээ болгон. 2009-2011-жылдары Баткен областынын Сулюкту шаарында акушер-гинеколог болуп иштеген. 2011-жылдан тартып Медициналык колледждин «Педиатрия, акушердик жана гинекология» сабактар бирикмесинде билим берип иштеп жатат.
2020-жылдын 5-ноябрьда Ош шаарынын мэриясынан «Билим берүү тармагындагы көп жылдык ак ниет эмгеги» үчүн ардак грамота менен сыйланган.
Медициналык колледждин
“Педиатрия акушердик жана гинекологиялык сабактар” бирикмесинин
“Педиатрия балдардын жугуштуу оорулары менен” сабагынын окутуучусу
Худайбердиева Умида Акбаралиевна
Худайбердиева Умида Акбаралиевна 1984-жылдын 12-январь айында Ош шаарында туулган. 1990-2000 жылдары Ош шаарына караштуу №4 Киров орто мектебин аяктаган. 2000-2006-жылдары Ош Мамлекеттик Университетинин Медициналык Институтун артыкчылык менен аяктап “Дарылоо иши” адистигине ээ болгон. 2005-июнь-август айында Биринчи кечиктирилгис медициналык жардам беруу боюнча курстан өтүп, сертификатка ээ болгон. 2006-2008-жылдары Ош Областар аралык Балдар ооруканасынын Оториноларингология бөлүмундө Дипломдон кийинки Медициналык Билим Алуу Борборунун базасында Клиникалык ординатураны аяктап, “Оториноларинголог” адистигине ээ болгон. 2008-2009-жылдары Ош Мамлекеттик Университетинде окуутучу болуп иштеген. 2010-2012-жылдары Аверси фармацевтикалык компанияда иштеген, 2010-жылдан бери Ош шаардык клиникалык ооруканасынын балдар инфекциалык стационарынын жандандыруу болумундо дарыгер болуп иштеп келе жатат. 2012-жылдан тартып Медициналык колледжде «Педиатрия, акушердик жана гинекология» сабактар бирикмесинде билим берип иштеп жатат. 2013-жылда Ош шаардык Перинаталдык Борбордо Дипломдон кийинки Медициналык Билим Алуу Борборунун базасында 4 айлык окуусунун бутуруп, квалификациясын өзгөртүп“ «дарыгер-педиатр» сертификатына ээ болгон. 2014-жылдын июнь айында I-даражадагы дарыгер категориясынын алган. 2015-жылда январь-февраль айында Ош шаардык Перинаталдык Борбордо Дипломдон кийинки Медициналык Билим Алуу Борборунун базасында “Биринчи кечиктирилгис медициналык жардам беруу” боюнча сертификатка ээ болгон.
2016-жылы 8-мартына караштуу Ош шаарынын мэриясынан Алкыш грамотасы менен сыйланган.
Медициналык колледждин
“Педиатрия акушердик жана гинекологиялык сабактар” бирикмесинин “Акушерство жана Гинекология” сабагынын окутуучусу Калилова Айсулуу Бөрүбаевна
Калилова Айсулуу Бєрүбаевна 1979-жылы 13-сентябрда Ош областынын Ноокат районуна караштуу Көк-Жар айыл өкмөтүнүн Борбаш айылында туулган.
1986-1996-жылы Борбаш орто мектебин аяктаган. 1996-2003-жылы Кыргыз Мамлекеттик Медициналык Академияны артыкчылык менен аяктап “Дарылоо иши” адистигине ээ болгон. 2003-2005-жылы Ош шаардык Перинаталдык Борбордо Дипломдон кийинки Медициналык Билим Алуу Борборунун базасында Клиникалык ординатураны аяктап “Акушер-Гинеколог” идистигине ээ болгон. 2005-жылы Ош медициналык колледжинде ардактуу “Акушер, гинеколог” мугалими жана “Жаштар комитетинин төрайымы” болуп иштеген. 2005-2015-жылдардын аралыгында билимин жогорулатууда сертификаттарга ээ болгон. 2012-жылдан тартып Кыргыз-Өзбек университетинин Медициналык колледжинде “Педиатрия Акушерство жана гинекология” сабактар бирикмесинде билим берип иштеп жатат.
Медициналык колледждин
“Педиатрия акушердик жана гинекология сабактар” бирикмесинин “Педиатрия”сабагынын
окутуучусу Киргизбаев Уланбек Сапарбаевич
Киргизбаев Уланбек Сапарбаевич 1983-жылдын 30-май айында Ош областынын Өзгөн районунун Красный-Маяк айылында туулган. 1990-2000 жылдары Ош областынын Өзгөн районунун Красный-Маяк айылына караштуу А. Торогелдиев атындагы орто мектебин аяктаган. 2000-2006-жылдары Ош Мамлекеттик Университетинин Медициналык Институтун аяктап “Дарылоо иши” адистигине ээ болгон. 2007-2009-жылдары Ош областар аралык аймактык ооруканасынын «Хирургия» бөлүмүндө Дипломдон кийинки Медициналык Билим Алуу Борборунун базасында Клиникалык ординатураны аяктап “Хирург” адистигине ээ болгон. 2009-жылдан тартып Ош Мамлекеттик Социалдык Университетинин Медициналык колледжинде билим берип иштеп жатат. 2010-жылда Ош шаардык Перинаталдык Борбордо Дипломдон кийинки Медициналык Билим Алуу Борборунун базасында 4 айлык окуусунун бутуруп “дарыгер-педиатр” сертификатына ээ болгон.
Медициналык колледждин
“Педиатрия акушердик жана гинекология» сабактар бирикмесинин “Акушерство жана Гинекология”сабагынын
окутуучусу Тоокебаева Айчурок Аскарбековна
Тоокебаева Айчурок Аскарбековна 1985-жылдын 4-февралда Ош областына караштуу Алай районунда туулган
1992-2003 жылдары Алай районунун Сопу-Коргон айылында Токтогул атындагы орто мектебин артыкчылык аттестаты менен аяктаган.
2004-2009-жылдары Ош Мамлекеттик Университетинин Медициналык Факультетин аяктап “Дарылоо иши” адистигине ээ болгон.
2009-2010-жылдары Ош шаардык Перинаталдык Борбордо Дипломдон кийинки Медициналык Билим Алуу Борборунун базасында Клиникалык ординатураны аяктап “Акушер-Гинеколог” адистигине ээ болгон.
2010-жылдан тартып Кыргыз-Өзбек университетинин Медициналык колледжинин «педиатрия, акушердик жана Гинекология» сабактар бирикмесинде окутуучу болуп иштеп жатат.
Медициналык колледждин
“Педиатрия акушердик жана гинекология» сабактар бирикмесинин “Акушерство жана гинекология” сабагынын
окутуучусу Маматалиева Багдагул Мейликозуевна
Маматалиева Багдагул Мейликозуевна 1984-жылы 8-сентябрда Ош областына караштуу Кара-Суу районунун Ишкаван айылында туулган. 1991-1999 жылдары Кара-Суу районунун Ишкаван айылында №16 Я.М.Свердлов атындагы орто мектебин артыкчылык аттестаты менен аяктаган. 1999-2002-жылы Ош Торговый колледжде окуп, «финансист» адистигине ээ болгон. 2002-2008-жылдары Ош Мамлекеттик Университетинин Медициналык Факультетин аяктап “Дарылоо иши” адистигине ээ болгон. 2008-2010-жылдары Ош областар аралык аймактык ооруканасынын Төрөт уйүндө Дипломдон кийинки Медициналык Билим Алуу Борборунун базасында Клиникалык ординатураны аяктап “Акушер-Гинеколог” адистигине ээ болгон. 2008-2015-жылдардын аралыгында билимин жогорулатуу үчүн кєптөгөн сертификаттарга ээ болгон. 2010-жылдан бери Ош облустук төрөт үйүндө, төрөт бөлүмүндө даарыгер акушер-гинеколог болуп иштеп келе жатат. 2010-жылдан тартып Кыргыз-Өзбек университетинин Медициналык колледжинин «Педиптрия, акушердик жана гинекология» сабактар бирикмесинде окутуучу болуп иштеп жатат.
Медициналык колледждин
«Педиатрия, акушердик жана гинекология» сабактар бирикмесинин «Акушерство жана Гинекология» сабагынын
окутуучусу Бегалиева Гулкан Абдимомуновна
Бегалиева Гулкан Абдимомуновна 1978-жылдын 20-июнь айында Кара-Суу районунун Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн Правда айылында туулган. 1985-1995-жылдары Правда айылынын №77 Правда орто мектебин аяктаган. 1996-2002-жылдары Ош Мамлекеттик университетинин Медициналык факультетин аяктап, «Дарылоо иши» адистигине ээ болгон. 2002-2004-жылдары Ош областар аралык аймактык ооруканасынын төрөт уйундө Дипломдон кийинки Билим алуу борборунун базасында клиникалык ординатураны аяктап, «Акушер-гинеколог» адистигине ээ болгон. 2005-жылдан тартып Ош шаардык клиникалык ооруканасынын Төрөт стационарынын Кош бойлуулар бөлүмүндө 5-жыл иштеп, 2012-жылдан тартып, Төрөт бөлүмүнүн бөлүм башчысы болуп эмгектенген. 2019-жылдын февраль айынан Кыргыз-Өзбек университетинин Медициналык колледжинин «Педиатрия акушердик жана Гинекология» сабактар бирикмесинде практикалык тажрыйбалуу мугалим катары иштеп келет. 2020-жылдын январь айында «Педагогика жана окутуунун усулдары» боюнча семинарга катышып сертификатка ээ болгон.
2013-жылы Ош шаардык мэриясынан «Ыраазычылык баракчасы»
2014-жылы Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигин «КААН» уюмунан ардак грамота
2014-жылы Ош шаардык клиникалык ооруканасынын «Ардак грамотасы» менен сыйланган
Медициналык колледждин
«Педиатрия, акушердик жана гинекология» сабактар бирикмесинин
лаборанты Раимбердиева Мария Жапаровна
Раимбердиева Мария Жапаровна 1985-жылдын 3-сентябрь айында Кара-Суу районунун Сарай айыл өкмөтүнүн Эркин айылында мугулимдин уй-бүлөөсүндө туулган. 1991-2002-жылдары Эркин айылынын №46 С.Маматов орто мектебин аяктаган. 2002-2007-жылдары Ош Технологиялык университетинин «Кибернетика жана маалымат технологялар» факультетин аяктап, «Инженер информатик» адистигине ээ болгон. 2016-2020-жылдары Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун, «Педагогика жана башталгыч билим берүүнүн усулу» адистигине ээ болгон. 2018-жылдын Ноябрь айынан бери Кыргыз-Өзбек университетинин Медициналык колледжинин «Педиатрия акушердик жана Гинекология» сабактар бирикмесинде лаборант катары иштеп келет.