«Жалпы медициналык сабактар» бирикмеси

[su_button url=»https://medcoll.kg/303-2/» icon=»icon: archive-org»]ТАРЫХЫ[/su_button]

[su_divider text=» » divider_color=»#ca0f0f»]

Кыргыз-Өзбек  университетинин  медициналык колледжинин   директору, медицина илимдеринин кандидаты  Джумаев Равшанбек Мамадиевич 1966-жылы 4-февралда Ош областынын Кара-Суу районуна караштуу Каратай айылында туулган. Кыргыз Мамлекеттик медицина институтун «Санитария жана гигиена» адистиги боюнча 1989-жылы аяктаган. Кесиби – врач-эпидемиолог. 1989-жылдан 1992-жылга чейин Ош областтык санитардык-эпидемиологиялык станциясында врач-эпидемиолог болуп иштеген. Педагогика багытындагы өз жумуш жолун Джумаев Р.М. Ош медициналык училищесинде 1992-жылы катардагы окутуучулуктан баштаган. 1993-1995-жылдары  бөлүм башчы, 1995-жылдан 2001-жылга чейин директордун окуу-тарбиялык иштер боюнча орунбасары болуп иштеген. 2001-жылдан 2005-жылга чейин Кыргыз-Өзбек университетинин медицина факультетинде окутуучу, ага окутуучу, доцент жана декандын орунбасары кызматтарында эмгектенген. 2005-жылы  «Патологиялык физиология» адистиги боюнча «Модификацияланган өсүмдүк диетасынын тирүү организмдин реактивдүүлүгүнө жана резистенттүүлүгүнө тийгизген таасири» деген темада кандидаттык диссертациясын жактаган. Ошол эле жылы Кыргыз-Өзбек университетинде медициналык колледж ачылгандыгына байланыштуу анын директору болуп дайындалган. Медициалык колледжде жетекчилик кылуу менен бирге «Гигиена жана экология», «Дени сак адам жана анын чөйрөсү» сабактарынан студенттерге билим берип келген. 2011-жылдын февраль айынан сентябрь айына чейин Ош Мамлекеттик социалдык университетинин окуу департаментинин директору болуп, ал эми 2011-жылдын сентябрь айынан тартып Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин «Биохимия, патофизиология жана фармакология» кафедрасынын окутуучусу кызматында иштеген. 2012-жылдын февраль айынан тартып кайрадан Кыргыз-Өзбек университетинде медициналык колледждин директору болуп дайындалып, бүгүнкү күнгө чейин иштеп келе жатат. Сыйлыктары: Ош шаарынын мэриясынын Ардак Грамотасы, Ош областтык мамлекеттик администрациясынын Ардак Грамотасы, Кыргыз Республикасынын Билим берүү кызматкерлеринин кошундар уюмунун Ардак Грамотасы. 2009-жылы «Саламаттыкты сактоонун ардактуу кызматкери» төш белгиси менен сыйланган. 15 тен ашуун илимий эмгектердин жана усулдук колдонмолордун автору.

[su_divider text=» » divider_color=»#ca0f0f»]

Медициналык колледждин

директорунун окуу иштери боюнча  орунбасары

Талипов Насир Төлөшович

[su_expand more_icon=»icon: expand» less_icon=»icon: compress»]     1976-жылы  1-январында Ош областынын Өзгөн районуна караштуу Кайрат айылында туулган. Үй-бүлөлүү, 1 уул, 2 кыздын атасы.

1996-жылы Жалал-Абад медициналык училищасынын “Фельдшердик бөлүмүнө” тапшырып, 1999-жылы артыкчылык диплому менен ийгиликтүү бүтүргөн. 1999-жылы Кыргыз Мамлекеттик Медициналык Академиясынын «Дарылоо иши» адистигине тапшырып, 2005-жылы аяктаган. 2005-жылы КММАнын Оштогу «Дипломдон кийинки окуу борборуна» хирургия адистиги боюнча клиникалык ординатурага тапшырган. 2007-жылы дарыгер-хирург адистигин алуу менен аяктаган.  Эмгек жолун 2003-жылы Бишкектеги №1 шаардык оорукананын операция жана хирургия бөлүмдөрүндө иштөөдөн баштаган. 2008-жылдан 2019-жылга чейин Кыргыз-Өзбек университетинде медициналык колледждин “Жалпы медициналык сабактар” бирикмесинин башчысы кызматында эмгектенген. 2014-жылдан 2019-жылга чейин  Ош шаардык ооруканасынын неврология бөлүмүнүн – ургаал жана жандандыруу бөлүмүндө дарыгер-реаниматолог кызматында айкалыштыруу менен иштеген. 2019-жылдан тартып медицинадык колледждин директорунун окуу иштери боюнча орунбасары болуп эмгектенүүдө.

[/su_expand]

[su_divider text=» » divider_color=»#ca0f0f»]

Медициналык колледждин

«Жалпы медициналык сабактар» бирикмесинин бирикме башчысы    Токтобаева Рахат Орозбековна

[su_expand more_icon=»icon: expand» less_icon=»icon: compress»] 

1979-жылы 20-августта Ош шаарында туулган. Үй-бүлөлүү, 3 уул, 1 кыздын энеси.

1997-жылы Ош медициналык училищасынын «Дарылоо-акушердик иши» бөлүмүнө тапшырып, 2000-жылы артыкчылык диплому менен ийгиликтуу бүтүргөн.

Эмгек жолун 2002-жылы Өзгөн районунун Жылалды айлындагы «Белек» ФАПта  медайым болуп иштөөдөн баштаган. 2003-2005-жылдары Ош медициналык училищада «Медайым ишинин негиздери» бирикмесинин лаборанты болуп иштеген. 2005-жылдан тартып Кыргыз-Өзбек университетинде медициналык колледждин «Жалпы медициналык сабактар» бирикмесинде «Медайым ишинин негиздери» сабагынын окутуучусу, 2018-жылдан тарта»ЖМС» бирикме башчысы кызматында эмгектенип келет. 2013-2018-жылдары медициналык колледждин 3-4-курстардын курс башчысы жана ошол эле жылдарда аялдар кеңешинин төрайымы кызматтарын аркалаган. 2018-жылы ОшТУнун «Экология жана айлана-чөйрөнү коргоо» кафедрасынын аспирантурасына тапшырып, азыркы күндө 2-курстун аспиранты.

[/su_expand]

[su_divider text=» » divider_color=»#ca0f0f»]

Медициналык колледждин

«Жалпы медициналык сабактар» бирикмесинин окутуучусу

Беков Бакыт Исманалиевич 1986-жылы 22-февралда Ош шаарында туулган. 1993-жылы №27 Партсъезд атындагы орто мектебинин биринчи классына кирген, башталгыч классты бүтүргөн сон, №17 Ю.А.Гагарин мектебине которулуп, 2004-жылы аяктаган. Ошол эле жылы билим алууну улантуу максатында ОшМУнун Медицина факультетине тапшырган. 2010-жылы жогорку окуу жайды аяктап, ОШКО нын травматология ортопедия бөлүмүндө  ординатураны өткөн. 2013-жылдан баштап Кыргыз-Өзбек университетинде медициналык колледжинде окутуучу болуп эмгектенип жатат.

 

 

 

[su_divider text=» » divider_color=»#ca0f0f»]

Медициналык колледждин

«Жалпы медициналык сабактар» бирикмесинин окутуучусу

Абдураимжанова Мавлюда Зайнабетдиновна

         [su_expand more_icon=»icon: expand» less_icon=»icon: compress»]   1970-жылдын 2-августунда Ош шаарында туулган,  үй-бүлөлүү,  2 кыздын энеси.

1976-жылдын 1-сентябрында В.И. Ленин атындагы мектептин 1-классына барып, ушул эле мектепти 1987-жылы ийгиликтүү  аяктаган. 1987-жылы Джалал-абад  медициналык училищасынын «Сестралык иш» адистигине тапшырып, 1989-жылы  аяктап, «медайым» адистигине ээ болгон. 2006-2010-жылдары  КӨУнун «Табыгый-педагогика» факультетинде окуп, «биология мугалими» адистигин алган. 1989-1990-жылдары Ош областтык  балдар ооруканасында медайым болуп эмгектенген. 1990-1995-жылдары   балдардын ден-соолугун калыбына келтирүүчү борбордо инструктор кызматында иштеген. 1998-2004-жылдары Оштогу  атайын бейтапканада  иштеди. 2005-жылдан баштап  КӨУнун «Жалпы медициналык сабактар »  бирикмесинде «Медайым ишинин негиздери» сабагынын окутуучусу болуп эмгектенип келе жатат.

[/su_expand]

[su_divider text=» » divider_color=»#ca0f0f»]

 

Медициналык колледждин

«Жалпы медициналык сабактар»  бирикмесинин окутуучусу

    [su_expand more_icon=»icon: expand» less_icon=»icon: compress»]

 Назарбекова Айчүрөк Казыбековна 1969- жылы  4-ноябрда  Жалал – Абад областынын Ноокен районуна караштуу Бүргөндү айылында туулган. Үй — бүлөлүү, учурда 3 баланы  тарбиялап жаткан эне.

1977 –жылы К. Маркс орто мектебине 1- класска барып, ошол эле мектепти 1987 – жылы ийгиликтүү аяктаган.  1987-1992-жылдары Майли-Сай тигүү фабрикасында тигүүчу болуп эмгектенген. 1992–1994–жылдары Майли – Сай шаарындагы медициналык училищаны бүтүрүп, 1994 – жылдан 2008 – жылга чейин Ош шаардык төрөт үйүндө медайым болуп иштеген. 1998 – 2005 – жылы Ош МУнун «табият таануу» факультетинин сырттан окуу бөлүмүн аяктап жогорку билимге, «биология мугалими» адистигине ээ болгон. 2008 – жылдан баштап  КӨУнун медициналык колледжинин «Жалпы медициналык сабактар » бирикмесинде окутуучу болуп эмгектенүүдө.

Жаш муундарга билим-тарбия берүүдө узүрлүү эмгектенип, бир нече илимий эмгектерди жарата алды. «Жамбаш булчуңуна ийне саюуну интерактивдүү ыкма менен окутуу» деген темадагы илимий макаласы 2014-жылы март айында «ОшМУнун жарчысы» илимий журналынан жарыкка чыккан.

Медициналык колледждин студенттери үчүн кыргыз тилинде даярдалган окуу-усулдук эмгектери төмөнкүлөр:

  1. А.К.Назарбекова «Бейтапты ооруканага кабыл алуу» Ош-2013
  2. А.К.Назарбекова «Бейтаптын өздүк тазалыгы»  Ош-2015
  3. А.К.Назарбекова «Бейтапка дары каражаттарын парентералдык ыкма менен берүү»  Ош-2016
  4. А.К.Назарбекова  «Дары каражаттарын колдонуу» Ош-2017
  5. А.К.Назарбекова «Лабораториялык жана аспаптык изилдөө ыкмалары» Ош-2018
  6. А.К.Назарбекова «Бейтаптын физиологиялык абалын баалоо, кам көрүү жана дары каражаттарын колдонуу » Ош-2019.
  7. «Медайым ишинин негиздери» сабагынын бир нече бөлүмдөрү боюнча окуу-усулдук комплекстерди түзгөн.

[/su_expand]

[su_divider text=» » divider_color=»#ca0f0f»]

Медициналык колледждин

«Жалпы медициналык сабактар» бирикмесинин окутуучусу

[su_expand more_icon=»icon: expand» less_icon=»icon: compress»] 

Кудайбердиева Айнура  Мусажановна 1970-жылы 2-апрелде Ош областына караштуу Кара-Суу районунун Жапалак айылында туулган.

1977-жылы №76 Н.Г. Чернышевский атындагы орто мектептин 1- классына кабыл алынып, 1987-жылы ийгиликтуу аяктаган. 1988-1990 жылдары Джалал-Абад  медициналык окуу жайында окуп  «сестралык иши» адистигине ээ болгон. 1990-1994 жылы Ош шаарындагы куруучулардын медициналык санитардык болумундо хирургиялык медайым болуп иштеген. 1994-2001 жылдары үй-бүлөлүү болгонуна байланыштуу Кадамжай районунун «Джаны-Айыл» ФАПта медайым болуп иштеген. 2001-2004 жж БатМУнун биология факультетинин сырттан окуу бөлүмүндө  окуп, «биология мугалими» адистигине ээ болгон. 2002-2012 жж Баткен областынын Кадамжай районуна  караштуу «Жошук» орто мектебинде биология мугалими болуп эмгектенген. 2013-жылдан азыркы убакка чейин КӨУнун медициналык колледжинин «жалпы медициналык сабактар» бирикмесинде «Медайым ишинин негиздери» сабагынан  окуутучу болуп эмгектенип жатат. Азыркы учурда үй-бүлөлүү бир уул, эки кыздын энеси.

[/su_expand]

[su_divider text=» » divider_color=»#ca0f0f»]

 

Медициналык колледждин

«Жалпы медициналык сабактар» бирикмесинин окутуучусу

[su_expand more_icon=»icon: expand» less_icon=»icon: compress»] 

Хашимова Табассум Исматиллоевна 1984-жылы 21-январда Ош шаарында төрөлгөн. 1990-жылдан 2000-жылга чейин «50-лет» орто мектебинде окуган. 2000-жылдын сентябрь айынан баштап 2003-жылга чейин Ош мед.училищесинде билим алган. Ушул эле жылы 2003-жылдан 2004-жылга чейин «Тоо-Деми» ЦСМде иштеген. 2005-жылдан  2006-жылга чейин К-ӨУнун медициналык колледжинде  лаборанттык кызматта эмгектенген.2006-жылдын сентябрь айынан тартып 2012-жылга чейин Ош МУнун медициналык факультетинде окуган. 2012-жылдан 2014-жылга чейин ЮЖФКГМАда «Акушерство и гинекология» адистиги боюнча ординатураны откон. 2014-жылдын сентябрь айынан тартып азыркы учурга чейин К-ӨУнун медициналык колледжинин  «Жалпы медициналык сабактар» бирикмесинде  «Фармакология» сабагынын окутуучусу болуп эмгектенип келе жатат. Үй-бүлөлүү, эки кызы бар.

[/su_expand]

[su_divider text=» » divider_color=»#ca0f0f»]

 

Медициналык колледждин

«Жалпы медициналык сабактар» бирикмесинин окутуучусу

[su_expand more_icon=»icon: expand» less_icon=»icon: compress»]

Эгембердиева Ажарбү  Тургунбековна  1973-жылы  16-мартта  Жалал-абад областынын Ноокен  районуна караштуу Кара-булак айылында төрөлгөн.

Үй-бүлөлүү, эки  кыздын энеси. 1989-жылы  Майлуу-Суу  медициналык училищесинин  «Сестринского дело» бөлүмүнө тапшырып , 1991-жылы ийгиликтүү бүтүрүп дипломго  ээ болгон. 1997-жылы  ЖАМУ биология кафедрасына тапшырып, 2004-жылы  биология адистиги боюнча «Дипломдуу адис» деген дипломго ээ болгон. Эмгек жолун 1992 — жылы Майлуу-Суу шаарында шаардык оорукананын балдар бөлүмүндө кезектеги медайым болуп иштөөнү баштаган. 1997-жылы Ноокен ройонунда Райондук оорукананын хирургия бөлүмүндө кезектеги медайым болуп эмгектенген.

2001-2007 – жылдары Жалал-абад медициналык колледжинде «Медайым ишинин негиздери» сабагынын окутуучусу болуп эмгектенген. 2012 – жылдан тартып Кыргыз-Өзбек университетинин  медициналык колледжинде «Жалпы медициналык сабактар» бирикмесинин «Медайым ишинин негиздери» сабагынын окутуучусу кызматында эмгектенип келе жатат.

[/su_expand]

[su_divider text=» » divider_color=»#ca0f0f»]

                                              Медициналык колледждин

«Жалпы медициналык сабактар»

бирикмесинин окутуучусу

[su_expand more_icon=»icon: expand» less_icon=»icon: compress»] Рыскулов Азамат Абдуманапович 1991-жылы 8-майда  Ош облусуна караштуу  Кара-Суу районунун Бирлешкен айылында төрөлгөн. 1999-жылы Бирлешкен айылындагы О. Курбанбаев атындагы №31 орто мектебине 1-класска барып, 2009-жылы мектепти аяктап, ошол эле жылдын сентябрь айынан тартып Ош МУнун Медициналык факультетине «Дарылоо иши» адистигине тапшырган. Окуу жайды 2015-жылы бутуруп, «Дарылоо иши» адистиги боюнча «Дарыгер»  квалификациясын алган. Клиникалык ординатураны Ош шаардык аймактык ооруканасынын Сынык-жараат бөлүмүндө өткөн. 2017-жылы ординатураны аяктап, «Дарыгер-травматолог-ортопед» сертификатын алган. 2017-жылдын 15-майынан тартып 2017-жылдын 15-июнуна чейин №0636 аскердик бөлүмүндө кызмат өтөгөн. 2017-жылдын сентябрь айынан баштап К-ӨУнун медициналык колледжинде окутуучу болуп эмгектенип жатат.

[/su_expand]

[su_divider text=» » divider_color=»#ca0f0f»]

 

                        Медициналык колледждин

   «Жалпы медициналык сабактар» бирикмесинин лаборанты Ганиева

    Дилбара Абдусаламовна

  1983-жылы 25-апрелде Ош шаарында туулган. Үй-бүлөлүү, 2кыз  1уулдун энеси.1990-жылы Ош шаарындагы №42 Керме-Тоо орто  мектебине кабыл алынып, 2000-жылы ийгиликтүү аяктаган.[su_expand more_icon=»icon: expand» less_icon=»icon: compress»]  2002-жылы Ош шаардык ооруканасынын Кадырлар бөлүмүнө инспектор кызматына алынган. 2003-жылы Ош шаарындагы медициналык колледждин “ Медайым иши” бөлүмүнө тапшырып, 2006-жылы артыкчылык диплому менен ийгиликтүү аяктаган. 2007-жылы Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын АДО бөлүмүндө хирургия жана травматология каналарында медайым болуп иштеген.2006-2012-ж.ж Ош мамлекеттик университетинде биология факультетин окуп ,”Биология мугалими” адистигине ээ болгон. 2015-2019-жылы ЦСМ №1 8филиалында,ийне сайуу канасында медайым болуп иштеген.2015-2016-жылдары Ош медициналык колледжинде “Медайым ишинин негиздери” сабагынын окутуучусу болуп иштеген.

Медицина тармагында эмгек стажы 16 жыл.

Билим берүү тармагында эмгек стажы 2жыл

[/su_expand]

[su_divider text=» » divider_color=»#ca0f0f»]