«ТЕРАПИЯЛЫК САБАКТАР» БИРИКМЕСИ

portfolio_2

«ТЕРАПИЯЛЫК САБАКТАР» БИРИКМЕСИНИН БАШЧЫСЫ
Амиракулова Айчурөк Сапарбаевна

1983-жылы 15-апрелде Ош областынын Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылында туулган. 1989-жылы Куршаб айылындагы, А.Тангатаров атындагы интернат-гимназиясынын биринчи классына кирип, мектепти 1999-жылы аяктаган. Ошол эле жылы билим алууну улантуу максатында Ош Мамлекеттик университетинин медицина факультетине тапшырган. 2005-жылы бул университетти артыкчылык диплому менен бүтүрүп, «Дарылоо иши» адистиги боюнча «Врач дарылоочу» квалификациясына ээ болгон. 2005-2007-жылдары КММА, КММКДжАЖИ Оштогу дипломдон кийинки билим берүү борборунда клиникалык ординатура бөлүмүндө «Терапевт дарыгер»  адистигин аяктаган. Эмгек жолун 2008-жылы Кыргыз-Өзбек университетинин медициналык колледжинин “Терапиялык сабактар” бирикмесинде “үй-бүлөлүк медицина” жана “Терапия” сабагынын окутуучусу болуп иштөөдөн баштаган. 2011-жылдын сентябрынан баштап А.С.Амиракулова Кыргыз - Өзбек университетинин медициналык колледжинин “Терапиялык сабактар” бирикмесинде жетекчи болуп жигерлүү эмгектенүүдө. Ал жетектеген бирикмеде 17 окутуучу, 1 лаборант талыкпастан иш алып барууда.
Студент жаштарга билим, тарбия берүүгө кошкон салымы жана окуу жайдагы үзүрлүү эмгеги үчүн Кыргыз-Өзбек университетинин“Ардак грамотасы” менен сыйланган.

portfolio_2

«ТЕРАПИЯЛЫК САБАКТАР» БИРИМЕСИНИН
«Терапиядагы сестралык иши» жана «Гериатрия» сабактарынын окутуучусу Солиева Мухаббат Уктамовна

1972-жылы 23-январда Ош шаарында туулган. 1979-жылы Ош шаарындагы №22 «Октябрь 50-жылдыгы» атындагы мектебинин биринчи классына кирип, мектепти 1989-жылы аяктаган. Ошол эле жылы билим алууну улантуу максатында Андижан Мамлекеттик медицина институтуна тапшырган. 1989жылдан-1995-жылга чейин Андижан медициналык институтунда окуп, аны артыкчылык диплому менен бүтүргөн. Эмгек жолун 1995-жылы ОМОКБда интернатурадан баштаган. 1996жылдан-2005-жылга чейин №1 ЦСМде үй бүлөлөк дарыгер болуп эмгектенген. 2005-жылдан бери Кыргыз-Өзбек университетинин медициналык колледжинин «Терапиялык сабактар» бирикмесинде окутуучу болуп эмгектенип келет.

portfolio_2

«ТЕРАПИЯЛЫК САБАКТАР» БИРИКМЕСИНИН
«Үй-бүлөлүк медицина», «Психология» сабактарынын окутуучусу
Абдалиева Сонунбу Айтмаматовна

1987-жылы 21-майда Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунда туулган. 1994 –жылы №11 Алыкулов атындагы орто мектебинин босогосун аттап, 2005 – жылы аяктаган. Ошол эле жылы Ош Мамлекеттик университетинин медициналык факультетине тапшырган. 2011-жылы «Дарылоо иши» адистиги боюнча «Врач дарылоочу» дипломун алган . 2011-2012- жылга чейин клиникалык интернатурасын Ош шаардык төрөт үйүндө өтөп, «Акушер-гинеколог»  квалификациясына ээ болгон. 2013-жылы Кыргыз-Өзбек университетинин медициналык колледжинин «Терапиялык сабактар» бирикмесине «үй-бүлөлүк медицина» сабагынын окутуучусу болуп жумушка кирген жана азыркы учурда иштеп келүүдө.

portfolio_2

«ТЕРАПИЯЛЫК САБАКТАР» БИРИКМЕСИНИН
«Жугуштуу оорулардагы мед.айым иши КИВ-инфекциясы менен» сабагынын окутуучусу Урбай кызы Нуржамал

1983-жылдын 6-апрелинде Ош областынын Өзгөн районуна караштуу Мырза-Арык айылында туулган. Ошол эле айылдын 1990-жылы “Б. Асранкулов” атындагы орто мектептин босогосун аттаган. 2000-жылы мектепти аяктап, ошол жылы жогорку окуу жайга тапшырган. Ош Мамлекеттик университитетинин медициналык факультетинде окуп, 2006-жылы аны ийгиликтүү аяктаган. 2006-2008-жылдары клиникалык ординатурасын өтөгөн да, «Врач-офтальмолог» деген сертификатына ээ болгон. Эмгек жолун 2008-жылы УВД поликлиникасында врач - офтальмолог болуп иштөөдөн баштаган. 2012-2014-жылы Р.Ф.Москва шаарында «Соммедэксперт» жеке медициналык борборунда врач-офтальмолог болуп иштеген. 2014-жылдын сентябрь айынан баштап Кыргыз-Өзбек университетинин медициналык колледжинин «Терапиялык сабактар» бирикмесинде «Жугуштуу оорулар» сабагынан окутуучулук кызмат ордунда эмгектенип келет

portfolio_2

«ТЕРАПИЯЛЫК САБАКТАР» БИРИМЕСИНИН
«Терапия» жана «Фтизиатрия» сабагынын окутуучусу
Рахманова Замира Абдразаковна

1986-жылы 9-февралда Жалал-Абад областында Жалал-Абад шаарында туулган. 1993-жылы №14 лицей босогосун аттаган 2004-жылы мектепти аяктап ошол эле жылы Ош Мамлекеттик университетинин медициналык факультетине тапшырган. 2010 – жылы ошол факультетти ийгиликтүү аяктаган. 2010-жылы Ош шаардык төрөт үйүндө клиникалык интернатурасын өтөп, 2011-жылы ийгиликтүү аяктап, «Акушер-гинеколог»  квалификациясына ээ болгон. 2014-жылы Кыргыз-Өзбек университетинин медициналык колледжинин «Терапиялык сабактар» бирикмесине «Терапия» сабагынын окутуучусу катарында кабыл алынган. 2015-жылы «Дарыгер терапевт» сертификатына ээ болду. Азыркы убакта «Терапия» жана «Фтизиатрия» сабагынын окутуучусу болуп эмгектенип жатат.

portfolio_2

«ТЕРАПИЯЛЫК САБАКТАР» БИРИМЕСИНИН
«Жугуштуу оорулар» сабагынын окутуучу
Нажиманов Жыргалбек Абдулааевич

1991-жылы 6 - февралда Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунда туулган. 1998-жылы №30 “Өлмасхан Атабеков” атындагы орто мектептин босогосун аттап, 2009-жылы мектепти аяктап, ошол эле жылы Ош Мамлекеттик университетинин медициналык факультетине тапшырып, 2014-жылы артыкчылык диплому менен ийгиликтүү бүтүргөн. 2014-2015-жылдары ОшМУнун дипломдон кийинки билим берүү борборунда интернатура бөлүмүндө «Эпидемиолог дарыгер»  адистигин аяктаган. 2013-2014 - жылдары Ош областык СПИДке каршы күрөшүү жана алдын алуу борборунда дарыгер эпидемиолог болуп эмгектенген. 2014-жылдан тартып Кыргыз-Өзбек университетинин медициналык коледжинин «Терапиялык сабактар» бирикмесинде «Жугуштуу оорулар» сабагынын окутуучусу болуп иштеп келе жатат.

portfolio_2

«ТЕРАПИЯЛЫК САБАКТАР» БИРИМЕСИНИН
“Терапия” сабагынын окутуучусу Камилова Феруза Абдумуталовна

1982-жылы 1-июлда Андижан областынын Джалалкудук районуна караштуу Катартал  айылында туулган. 1989-жылы 60-жылдык орто мектептин босогосун аттап 1999-жыл мектепти аяктап ошол эле жылы Ош Мамлекеттик университетинин медициналык факультетинин «Дарылоо иши» адистигине тапшырган. 2005-жылы бул университетти артыкчылык  диплому  менен бүтүрүп, «Дарылоо иши» адистиги боюнча «Врач дарылоочу» квалификациясына ээ болгон. 2005-2007-жылдары КММА, КММКДжАЖИ Оштогу дипломдон кийинки билим берүү борборунда клиникалык ординатура бөлүмүндө «Терапевт дарыгер» адистигин аяктаган. 2007- жылынан бштап ЦСМ№1 Филиал№1 поликлинасында терапевт  дарыгер болуп иштеген. 2012-жылдын сентябрь айынан бери Кыргыз-Өзбек университетинин медициналык колледжинин «Терапиялык сабактар» бирикмесинде окутуучу болуп эмгектенип келет.

portfolio_2

“ТЕРАПИЯЛЫК САБАКТАР” БИРИКМЕСИНИН
«Үй-бүлөлүк медицинадагы медайым иши» сабагынын окутуучусу Юсупова Бактыгул Эрмековна

1987-жылы 25- ноябрда Ош областына караштуу Төлөйкөн айылында туулган. 1994-жылы айылдын “Жолон Мамытов” атындагы орто мектебине 1-класска кадам таштап, 2005-жылы ийгиликтүү аяктаган. Ошол эле жылы Ош Мамлекеттик университетинин медициналык факультетине тапшырып, 2011-жылы «Дарылоо иши» адистиги боюнча «Врач дарылоочу» квалификациясына ээ болгон. 2011-2012- жылга чейин клиникалык интернатурасын Ош шаардык клиникалык оору канаасында өтөп, «Даарыгер терапевт» сертификатын алуу менен аяктаган. 2013-жылы Кыргыз-Өзбек университетинин медициналык колледжинин «Терапиялык сабактар» бирикмесине «Терапия» сабагынын окутуучу болуп жумушка кирген жана улантууда. Азыркы учурда 2 баланын энеси.

portfolio_2

“ТЕРАПИЯЛЫК САБАКТАР” БИРИКМЕСИНИН
«Нерв жана психикалык оорулар наркология курсу менен» сабагынын окутуучусу Гайпов Нургазы Урустамбекович

1988-жылы 19-майда Баткен областынын Баткен районунун Базар-Башы айылында търългън. 1994-жылы “Крупская” орто мектепке тапшырып 2001-жылы №1 гимназия орто мектебине которулуп 2005-жылы мектепти аяктап ошол эле жылы, Ош Мамлекеттик университетинин медициналык факультетине тапшырып, 2011-жылы артыкчылык диплому менен ийгиликтүү бүтүргөн. 2011-2013-жылдары ОшМУнун дипломдон кийинки билим берүү борборунда ординатура бөлүмүндө «Невролог дарыгер»  адистигин аяктаган. 2013 - жылдан бери Ош областтык клиникалык ооруканада Невролог дарыгери болуп түнкү күзөттө эмгектенип келет. 2016-жылдан тартып Кыргыз-Өзбек университетинин медициналык колледжинин «Терапиялык сабактар» бирикмесинде «Нерв жана психикалык оорулар наркология курсу менен» сабагынын окутуучусу болуп иштеп келе жатат.

portfolio_2

“ТЕРАПИЯЛЫК САБАКТАР” БИРИКМЕСИНИН
«Терапия» сабагынын окутуучусу Бакиров Сыргак Абдыкапарович

1985-жылы 19-декабрда Ош областына караштуу Чон-Алай районунун Кара-Мык айылында туулган. 1992-жылы “Ленин” атындагы орто мектептин босогосун аттаган. 2005-жылдан-2011-жылга чейин ОшМУнун медициналык факультетинде окуган. 2011 - жылы “Дарылоо иши” адистигин артыкчылык диплому менен аяктап, ошол эле жылы ардинатураны ОМОКБнын базасында “Жалпы хирургия” бөлүмүнөн өтөгөн. 2016-жылдан тартып Кыргыз-Өзбек университетинин медициналык колледжинин «Терапиялык сабактар» бирикмесинде «Терапия» сабагынын окутуучусу болуп иштеп келе жатат.

portfolio_2

«ТЕРАПИЯЛЫК САБАКТАР» БИРИМЕСИНИН
«Нерв жана психикалык оорулар» сабагынын окутуучу
Эркинбаева Эркеайым Асановна

1986-жылы 11-августа Жалалабад облусуна караштуу Сузак районунун Кара-Дарыя айылында туулган. 1993 жылы айылындагы «Абдукаимов» атындагы орто мектепке 1- класска кадам таштаган. 2004-жылы орто мектепти аяктап, ошол эле жылы Ош Мамлекеттик Университетинин медициналык факультетине тапшырган. 2011-жылы университетти аяктап, 2012-жылы ОМОКБда интернатурасын өтөп, «Даарыгер невропатолог» адисине ээ болгон. 2011жылы июль айында ЦСМ №9 поликлиникасында дарыгер невропатолог болуп жумушка орношкон. 2014 жылы «Травматическое поражение ЦНС» темасында квалификациясын жогорулаткан. 2014-жылы Кыргыз-Өзбек университетинин медициналык колледжинин «Терапиялык сабактар» бирикмесине окутуучу болуп жумушка кабыл алынган. Азыркы учурда 3 уул 1 кыздын ажарлуу энеси.

portfolio_2

«ТЕРАПИЯЛЫК САБАКТАР» БИРИМЕСИНИН
«Жугуштуу оорулар» сабагынын окутуучу
Жамалова Тазагуль Жаныбековна

1992-жылы 26-августа Ош областына караштуу Кадамжай районунун Кара-Дөбө айылында туулган. 1998-жылы А. Темирбаев атындагы №47 орто мектебинин 1-классына кадам таштаган. 2009-жылы мектепти аяктап, ошол эле жылы Ош Мамлекеттик университетинин медициналык факультетинин “Дарылоо иши” адистигине тапшырган. 2011- жылы И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик медициналык академиясынын “Дарылоо иши” адистигине которулат. 2016-жылы ушул эле окуу жайды ийгиликтүү аяктаган. 2018-жылы КММА, КММКДжАЖИ Оштогу дипломдон кийинки билим берүү борборунда клиникалык ординатура бөлүмүндө «Терапевт дарыгер» адистигин аяктаган. 2018-жыл Кыргыз-Өзбек университетинин медициналык колледжнинин “Терапиялык сабактар” бирикмесине окутуучу болуп эмгектенүүдө.

portfolio_2

«ТЕРАПИЯЛЫК САБАКТАР» БИРИМЕСИНИН
лаборанты Асанова Жаңылай Асановна

1991-жылы 16-март Ош обдластына караштуу Ош шаарынын Озгур айылында туулган. 1997-жылы №5 Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектебине 1-класска кадам таштап, 2008-жылы мектепти ийгиликтүү аяктап, ошол эле жылы Академик М.М Адышев атындагы Ош Технологиялык Университетинин Табигый техникалык факультетинин «Колдонмо математика жана информатика» адистигине тапшырып, 2013-жылы «Колдонмо матиматика жана информатика» адистиги боюнча Математик, ситемалык программист квалификациясы ыйгарылды. Окууну бүтпөй жатып, 2012-жылы Кыргыз-Өзбек университетине медициналык колледжине «Жалпы медициналык сабактар» бирикмесине жарым ставкалык лаборанттык кызматка орношкон. 2016-жылы медициналык колледжиндеги «Терапиялык сабактар» бирикмесине кайрадан лаборанттык кызматка которулуп жана азыркы учурда улантууда. Азыркы учурда 2 баланын энеси.

  • CSS Templates
  • portfolio_2
  • banner

Тарыхы

«ТЕРАПИЯЛЫК САБАКТАР» БИРИКМЕСИНИН БАШЧЫСЫ Амиракулова Айчурөк Сапарбаевна

«Терапиялык сабактар» бирикмеси. “Терапиялык сабактар” бирикмеси 2005-жылдын 1-сентябрь №39, 1-д буйруктун негизинде түзүлүп, иштеп келе жатат.
“Терапиялык сабактар” бирикмеси Исанова 79 көчөсүндө К-ӨУнун 5-окуу имаратында жайгашкан. Байланыш телефону 0771045643.  Учурда “Терапиялык сабактар” бирикмесинде 17 окутуучу (алардын ичинен 15 штаттык, 1 өнөктөш) жана 1 лаборант эмгектенүүдө. Азыр бирикменин колдонуусунда 17 окуу каана, 2 лекциялык каана, 1 лабораториялык каана, 1 лаборанттык каана бар. Алардын ичинен 3 окуу каанасы ООБКОдо, 1 окуу каанасы “Трапия+” жеке ооруканасында, 1 окуу каанасы “Маматалиева” жеке ооруканасында, 1 окуу каана Ош шаардык жугуштуу оорулар балдар ооруканасында жайгашкан.
Бирикме курамына төмөндөгү сабактарды камтыйт:
1. «Терапия»
2. «Терапиядагы медайым иши»
3. «Психология»
4. «Үй-бүлөлүк медицина»
5. «Фтизиатрия »
6. «Жугуштуу оорулар КИВ-инфекция жана эпидемиология курсу менен»
7. «Тери жана венерикалык оорулар»
8. «Нерв жана психикалык оорулар»
9. «Паллиативдик жардамдын негиздери»
10. «Реабилитациянын негиздери»
11. «Гериатрия»;
12. «Неврологиядагы медайым иши»
13. «Клиникалык патология»
Бирикмеде бүгүнкү күндө төмөнкү окутуучулар курамы эмгектенип жатышат:
1. Амиракулова А.С.- «Терапия», «Фтизиатрия» сабагынын окутуучусу.
2. Солиева М. У. – « Терапиядагы сестралык иши» жана «Гериатрия» сабактарынын окутуучусу.
3. Камилова Ф.А.- «Үй – бүлөлүк медицина», «Терапия» сабактарынын окутуучусу.
4. Хаитова Д.Ш.- «Тери жана жыныстык оорулар» сабагынын окутуучусу.
5. Кудайбердиева Ж.И. - «Нерв жана психикалык оорулар» сабагынын окутуучусу.
6. Абдалиева С.А. – «Үй-бүлөлүк медицина», «Психология» сабактарынын окутуучусу
7. Жамалова Тазагул - «Жугуштуу оорулар КИВ-инфекция жана эпидемиология курсу менен» сабагынын окутуучусу.
8. Рахманова З.- «Неврологиядагы сестралык иши» сабагынын окутуучусу.
9. Мамитова Н.К. - «Терапия» сабагынын окутуучусу.
10. Урбай кызы Нуржамал - «Жугуштуу оорулар жана КИВ инфекциясындагы сестралык иши » сабагынын окутуучусу
11. Еркинбаева Э.А.- «Неврологиядагы сестралык иши» сабагынын окутуучусу.
12. Мамажанов С.- «Жугуштуу оорулардагы сестралык иши» сабагынын окутуучусу.
13. Нажиманов Ж. - «Жугуштуу оорулар КИВ-инфекция жана эпидемиология курсу менен» сабагынын окутуучусу.
14. Гайпов Н.- «Терапия» сабагынын окутуучусу.
15. Бакиров С.- «Психология» сабагынын окутуучусу.
16. Асанова Ж.-Бирикменин лаборанты
«Терапиялык сабактар» бирикмеси керектүү көрсөтмө куралдар менен жетишерлик өлчөмдө камсыздалган.
Мисалы бирикменин №210 каанасы студенттерге ар кандай терапиялык ыкмаларды үйрөтүүгө ылайыкташтырылып түзүлгөн
тренажердук каана деп саналат. Ал каанада муляждар, фантомдор, бикстер, медициналык шкафтар дары-дармектери менен, ар кандай учурлар үчүн биринчи жардам аптечкалары жана башка медициналык жабдыктар жетиштүү.
Ошондой эле «Нерв жана психикалык оорулары» сабагынан көрсөтмө куралдар – неврологиялык балкача, танометр, сезүүнү текшерүүчү инелер,
баш мээнин муляждары, плакаттар жана планшеттер да бар.
Бирикменин лекциялык окуу кааналары мультимедиялык аппараттары менен камсыздалган.