Жаңылыктар топтому

Медициналык колледжнин "Медайым иши" адистигинин бүтүүрүчүлөрү.

portfolio_2 portfolio_2 portfolio_2
Максаты: 1. Студенттерге жыныстык катнаш аркылуу жугуучу ооруларды алдын алуу жана ушул оорулардын тийгизген таасири жонундо маалымаатты жеткируу.
2. Студенттерге кенири таралган ВИЧ жана СПИД оорусу боюнча кенири тушунук беруу жана сактануу жолдорун уйротууго тарбиялоо.
3. Студенттердин медициналык көз караштарын өнүктүрүү.
Мына бүгүн студенттерге -“Студент кыздарга акушер гинекологдордун кеңеши” керекби -деген суроого талкуу жүргүзүүну туура көрдүк. Демек биз бүгүнкү күндө ар бир аял заты акушер гинекологдордун жардамына муктажбыз.
Азыркы мезгилде студент кыздарыбыз акушер гинекологдун кенешине зарыл. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиргендей өлкө боюнча бир жыл ичинде болжол менен 22 миң аял бойдон алдырса, анын 200гө чукулу 17 жашка чейинки кыздар.
Sputnik Кыргызстан агенттиги аялдардын бойдон алдыруу себептери, аборттун түрлөрү, анын организмге болгон терс таасири тууралуу сөз болгондугун билдирди.
Катышуучулар:
1. Маматалиева Багдад - Ош аймактык ооруканасынын клиникалык борборунун төрөт бөлүмүнүн акушер - гинекологу
2. Хатамова Сайора – К-ӨУ нун медициналык коллеждинин студенти.
3. Намасбек кызы Асель – К-ӨУ нун медициналык колледжинин студенти.
4. Калмурзайева Мээрим - К-ӨУ нун медициналык коллеждинин студенти.
5. Арынова Айгул – К-ӨУ нун медколлеждин мугалими.

СТУДЕНТ КЫЗДАРГА АКУШЕР-ГИНЕКОЛОГДОРДУН КЕҢЕШИ.

portfolio_2 portfolio_2

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК УНИВЕРСИТЕТИНИН МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИНИН ЭМГЕК ЖАМААТЫ!

portfolio_2
Кыргыз-Өзбек университетинин кызматкерлери менен профессордук-окутуучулар жамаатынын ортосунда өткөрүлгөн улуттук жана олимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча кышкы спартакиада жыйынтыкталып жеңүүчү командалар, мыкты оюн көргөзгөн кызматкерлер грамота жана акчалай сыйлыктарга ээ болушту. Жалпы командалык эсепте
1-орунду медициналык колледж
2-орунду табигый-педагогикалык факультети
3-орунду ректораттан түзүлгөн команда камсыздады.
Уюштуруу иштерин Кыргыз-Өзбек университетинин “Достук” спорт клубу колго алган, жетекчиси Курсант Каимов.

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК УНИВЕРСИТЕТИНИН МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИНИН ДИРЕКТОРУ, М.И.К ДЖУМАЕВ РАВШАНБЕК МАМАДИЕВИЧТИН ЭМГЕК ЖАМААТЫНА КУТТУКТООСУ

portfolio_2
УРМАТТУУ КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК УНИВЕРСИТЕТИНИН МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИНИН ЭМГЕК ЖАМААТЫ! ЖАЛПЫҢЫЗДАРДЫ КИРИП КЕЛГЕН ЖАҢЫ 2019-ЖЫЛЫҢЫЗДАР МЕНЕН ЧЫН ЖҮРӨГҮМДӨН КУТТУКТАЙМЫН! ЖАҢЫ ЖЫЛДА СИЗДЕРГЕ ЧЫҢ ДЕН СООЛУК, БАКУБАТ ТУРМУШ, ТЫНЧТЫК ЖАНА ЭЛ ИШЕНИМИН АРКАЛАГАН ЖООПТУУ ИШТЕРИҢИЗДЕРДЕ ДАЙЫМА ИЙГИЛИКТЕР ЖЫЛООЛОП ЖҮРҮШҮН КААЛАЙМ! ҮЙ-БҮЛӨҢҮЗДӨРДӨ БЕЙПИЛДИК УЯЛАП, ЖАЛАҢ ГАНА ЖАКШЫЛЫКТАР КОШТОП ЖҮРҮШҮНӨ ТИЛЕКТЕШМИН!

  • CSS Templates
  • portfolio_2
  • banner
КОЛЛЕДЖДИН КЫСКАЧА ТАРЫХЫ

Медициналык колледж училище катары 2005-жылдын 1-сентябрынан тартып университеттин өзүнчө структуралык бөлүмү болуп түзүлүп, иш жүргүзө баштаган (К-ӨУнун Окумуштуулар Кенешинин №1-протоколу, 01.09.2005-ж.). Билим берүү жана илим министрлигинин жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин талаптары боюнча Кыргыз-Өзбек университетинин Окумуштуулар кеңешинин 29.01.2009-ж. №10-протоколунун чечими менен медициналык училище медициналык колледж болуп кайрадан өзгөртүлүп түзүлгөн. Медициналык колледж адистерди даярдоо боюнча өзүнүн ишин КР “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамынын, КР өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы №53-токтомунун негизинде бекитилген “Кыргыз Республикасынын орто кесиптик билим берүү мекемелери жөнүндөгү” Жобосунун жана Ош мамлекеттик социалдык университетинин (К-ӨУ) Окумуштуулар Кеңешинин 2009-жылдын 29-январындагы чечими менен бекитилген, (протокол №10) “Ош мамлекеттик социалдык университетинин (К-ӨУ) медициналык колледжи жөнүндөгү Жобосунун” негизинде иш алып барат. Медициналык колледж 2015-жылы КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан түзүлгөн аттестациялык комиссиянын чечими менен университеттин курамында аттестациялоодон ъткън (КР Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясынын 08.07.2015-жылкы №922/1-буйругу). ОКУУ ПРОЦЕССИ, МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК БАЗАСЫ, КИТЕПКАНА ФОНДУ Медициналык колледждин материалдык-техникалык базасы азыркы мезгилдин талабына ылайыкташкан жогорку квалификациялуу билим берүүгө жөндөмдүү деңгээлде уюштурулган. Колледждин курамында акыркы үлгүдөгү 40 компьютери бар, 4 компьютердик класс, усулдук каана, анатомиялык музей, лабораториялар, стоматологиялык кабинеттер жана медициналык пункт иштеп жатат. Окуу процессинде колдонулуп жаткан жаткан жалпы компьютерлердин саны 70 тен ашуун. Бардык компьютердик класстар интернетке туташтырылган. Бардык адистиктер үчүн негизги сабактардан болуп эсептелген “Сестралык иштин негиздери” сабагынан керектүү өлчөмдөгү демонстрациялык жана үйрөнүп-машыгуучу муляждар, фантомдор, медициналык аспаптар жана башка окуу-усулдук, кърсътмъ куралдар менен жабдылуу аркылуу оорукананын кабыл алуу бөлүмүн, ийне саюучу каанасын жана бейтаптардын палатасын элестеткен атайын окуу кааналары түзүлгөн. Болочоктогу фармацевттерди даярдоо максатында аналитикалык жана фармацевтикалык химия, дары-дармектердин технологиясы, фармакогнозия жана фармакология тармактары боюнча окуу лабораториялары иштеп жатат. Терапиялык сабактар бирикмесинде керектүү медициналык эмеректер менен жабдылган бейтаптарды көрүү, медициналык процедураларды жасоо кааналары бар, ал кааналарда сабак өтүүгө атайын шарттар түзүлгөн. Гуманитардык сабактар бирикмесинде заманбап каражаттар менен толук камсыз болгон тил үйрөнүү кааналары түзүлүп, пайдаланууга берилген. Хирургиялык жана стоматологиялык сабактар бирикмеси окуу-усулдук жана көрсөтмө куралдар менен жабдылган кулак-мурун-тамак оорулары, көз оорулары, тиш жана ооз көңдөйү оорулары боюнча окуу кааналары менен камсыздалган. Ошондой эле бул сабактар бирикмесинде оорулууларды кабыл алууга толук мүмкүнчүлүгү бар атайын стоматологиялык кабинеттер иштеп жатат. Педиатрия, акушерлик жана гинекология сабактар бирикмесинин сабактары негизги окуу имаратында жайгашкан окуу кааналарында өткөрүлөт. Интерактивдүү доскалар менен жабдылган атайын кабинеттер студенттердин билимин өркүндөтүүгө орчундуу салым кошууда. Медициналык колледж дене тарбия сабактарын, жана ошондой эле спорттук мелдештерди уюштуруп өткөрүүгө жөндөмдүү спорт залы жана спорттук аянтчалар менен камсыз болгон. Окуу пландарына ылайык бардык сабактар боюнча 20000 ден ашуун окуу китептерин камтыган китеп фонду бар китепкана жана университеттин борбордук китепканасы иштейт. Студенттер үчүн медициналык колледждин окуу имаратында 72 орундуу окуу залы, ал эми университеттин 2-окуу имаратында жайгашкан борбордук китепканада 120 орундуу окуу залы кызмат кылат.