«Жалпы медициналык сабактар» бирикмеси

portfolio_2

Кыргыз-Өзбек Университети Медициналык колледждин Директору
Джумаев Равшанбек Мамадиевич


1966-жылы 4-февралда Ош областынын Кара-Суу районуна караштуу Каратай селосунда туулган.
Кыргыз Мамлекеттик медицина институтун «Санитария жана гигиена» адистиги боюнча 1989-жылы аяктаган. Кесиби – врач-эпидемиолог, медицина илимдеринин кандидаты.
1989-жылдан 1992-жылга чейин Ош областтык санитардык-эпидемиологиялык станциясында врач-эпидемиолог болуп иштеген.
Педагогика багытындагы өз жумуш жолун Джумаев Р.М. Ош медициналык училищесинде 1992-жылы катардагы окутуучулуктан баштаган. 1993-1995-жылдары – бөлүм башчысы, 1995-жылдан 2001-жылга чейин директордун окуу-тарбиялык иштер боюнча орунбасары болуп иштеген.
2001-жылдан 2005-жылга чейин Кыргыз-Өзбек университетинин медицина факультетинде окутуучу, ага окутуучу, доцент жана декандын орунбасары кызматтарында эмгектенген.
2005-жылы 14.00.16 – Патологиялык физиология адистиги боюнча «Модификацияланган өсүмдүк диетасынын тирүү организмдин реактивдүүлүгүнө жана резистенттүүлүгүнө тийгизген таасири» деген темада кандидаттык диссертациясын жактаган.
Ошол эле жылы Кыргыз-Өзбек университетинде медициналык колледж ачылгандыгына байланыштуу анын директору болуп дайындалган.
Медициалык колледжде жетекчилик кылуу менен бирге «Гигиена жана экология»,
«Дени сак адам жана анын чөйрөсү» сабактарынан студенттерге билим берип келген.
2011-жылдын февраль айынан сентябрь айына чейин Кыргыз-Өзбек университетиннин окуу департаментинин директору болуп, ал эми 2011-жылдын сентябрь айынан тартып Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин «Биохимия, патофизиология жана фармакология» кафедрасынын окутуучусу кызматында иштеген.
2012-жылдын февраль айынан тартып кайрадан Кыргыз-Өзбек университетинде медициналык колледждин директору болуп дайындалып, бүгүнкү күнгө чейин иштеп келе жатат.
Сыйлыктары:
Ош шаарынын мэриясынын Ардак Грамотасы, Ош областтык мамлекеттик администрациясынын Ардак Грамотасы, Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин кошундар уюмунун Ардак Грамотасы.
2009-жылы «Саламаттыкты сактоонун ардактуу кызматкери» төш белгиси менен сыйланган.
15 тен ашуун илимий эмгектердин жана усулдук колдонмолордун автору

portfolio_2

Медициналык колледждин окуу иштери боюнча директордун орун басары
Талипов Насир Төлөшович

1996-жылы Жалал-Абад медициналык училищасынын “Фельдшердик бөлүмүнө” тапшырып, 1999-жылы артыкчылык диплому менен ийгиликтүү бүтүргөн. 1999-жылы Кыргыз Мамлекеттик Медициналык Академиясынын «Дарылоо иши» адистигине тапшырып, 2005-жылы аяктаган. 2005-жылы КММАнын Оштогу «Дипломдон кийинки окуу борборуна» хирургия адистиги боюнча клиникалык ординатурага тапшырган. 2007-жылы дарыгер-хирург адистигин алуу менен аяктаган.
Эмгек жолун 2003-жылы Бишкектеги №1-шаардык оорукананын операция жана хирургия бөлүмдөрүндө иштөөдөн баштаган. 2008-жылдан тартып Кыргыз-Өзбек университетинде медициналык колледждин “Окуу иштери боюнча директордун орун басары кызматында эмгектенип келет.
2014-жылдан тартып Ош шаардык ооруканасынин неврология бөлүмүнүн – ургаал жана жандандыруу бөлүмүнүндө дарыгер-реаниматолог кызматында айкалыштыруу менен иштеп келе жатат. Үй-бүлөлү, 1 уул, 2 кыздын атасы.

portfolio_2

Медициналык колледждин «Жалпы медициналык сабактар» бирикмесинин окутуучусу
Беков Бакыт Исманалиевич

1986-жылы 22-февралда Ош шаарында туулган. 1993-жылы №27 Парсъезд атындагы орто мектебинин биринчи классына кирген, башталгыч классты бутургон сон, №17 Ю.А.Гагарин мектебине которулган 2004-жылы аяктаган.
Ошол эле жылы билим алууну улантуу максатында ОшМУ нин Медицина факультетине тапшырган. 2010-жылы жогорку окуу жайды аяктап, ОШКО нын травматология ортопедия болумундо ординатураны откон. 2013-жылдан баштап Кыргыз-Өзбек университетинде медициналык колледжинде мугалим болуп эмгектенип жатат.

portfolio_2

Медициналык колледждин «Жалпы медициналык сабактар»
Абдураимжанова Мавлюда Зайнабетдиновна

1970-жылдын 2-августунда Ош шаарында торолгон. Үй-бүлөлүү, 2 кыздын энеси. 1976-жылдын 1-сентябрында В.И. Ленин атындагы мектептин 1-классына барып, ушул эле мектепти 1987-жылы ийгиликтуу аяктаган. 1987-жылы Джалал-абад медицина училищасынын «Сестралык иш» адистигине тапшырып, 1989-жылы аяктап, «мед айым» адистигине ээ болгон. 2006-2010-жылдары Ош КӨУнун «Табыгый-педагогика» факультетинде окуп, «биология мугалими» адистигин алган. 1989-1990-жылдары Ош областтык жаш балдар ооруканасында мед айым болуп эмгектенген. 1990-1995-жылдары жаш балдардын ден-соолугун калыбына келтиручу боорбордо инструктор кызматында иштеген. 1998-2004-жылдары Оштогу атайын бейтапканада иштеди. 2005-жылдан баштап Кыргыз-Өзбек университетинде медициналык колледждин «Жалпы медициналык сабактар » сабактар бирикмесинде «Сестралык иштин негиздери» сабагынан окутуучу катары эмгектенип келе жатат.

portfolio_2

Медициналык колледждин «Жалпы медициналык сабактар» бирикмесинин
«Сестралык иштин негиздери» сабагынын окутуучусу,
3-курсунун башчысы, аялдар кенешинин торайымы
Токтобаева Рахат Орозбековна

1979-жылы 20-августта Ош шаарында туулган.1997-жылы Ош медициналык училищасынын «Дарылоо-акушердик иши» болумунъ тапшырып, 2000-жылы артыкчылык диплому менен ийгиликтүү бүтүргөн. Эмгек жолун 2002-жылы Өзгон районунун Жылалды айлындагы «Белек» ФАПта патронаж медайым болуп иштөөдөн баштаган. 2003-2005-жылдары Ош медициналык училищада «Сестралык иштин негиздери» бирикмесинин лаборанты болуп иштеген. 2005-жылдан тартып Кыргыз-Өзбек университетинде медициналык колледждин «Жалпы медициналык сабактар» бирикмесинин «Сестралык иштин негиздери» сабагынын окутуучусу кызматында эмгектенип келет. Үй-бүлөлү, 2 уул, 1 кыздын энеси.

portfolio_2

Медициналык колледждин «Жалпы медициналык сабактар»
бирикмесинин окутуучусу
Рыскулов Азамат Абдуманапович

1991-жылы 8-майда Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Бирлешкен айылында төрөлгөн.
1999-жылы Бирлешкен айылындагы О. Курбанбаев атындагы №31 орто мектебине 1-класска барып, 2009-жылы мектепти аяктап, ошол эле жылдын сентябрь айынан тартып Ош МУнун Медициналык факультетине «Дарылоо иши» адистигине тапшырган.
Окуу жайды 2015-жылы бутуруп, «Дарылоо иши» адистиги боюнча «Дарыгер» квалификациясын алган. Клиникалык ординатураны Ош шаардык аймактык ооруканасынын Сынык-жараат бөлүмүндө өткөн.
2017-жылы ординатураны аяктап, «Дарыгер-травматолог-ортопед» сертификатын алган. 2017-жылдын 15-майынан тартып 2017-жылдын 15-июнуна чейин 20636 аскердик бөлүмүндө кызмат өтөгөн.
2017-жылдын сентябрь айынан баштап Кыргыз-Өзбек университетинин медициналык колледжинде окутуучу болуп эмгектенип жатат. Үй бүлөлүү, 2 уулдун атасы.

portfolio_2

Медициналык колледждин «Жалпы медициналык сабактар» БИРИКМЕСИ
Назарбекова Айчүрөк Казыбековна

1969- жылы 4- ноябрда Жалал – Абад областынын Ноокен районуна караштуу Бүргөндү айылында туулган. Үй - бүлөлүү, учурда 3 баланы тарбиялап жаткан эне. 1977 –жылы К. Маркс орто мектебине 1- класска барып, ошол эле мектепти 1987 – жылы ийгиликтүү аяктаган. 1992 – 1994 –жылдары Майли – Сай шаарындагы медициналык училищаны бүтүрүп, 1994 – жылдан 2008 – жылга чейин Ош шаардык төрөт үйүндө медайым болуп иштеген. 1998 – 2005 – жылы Ош МУнун «табият таануу» факультетинин сырттан окуу бөлүмүн аяктап жогорку билимге, «биология мугалими» адистигине ээ болгон. 2008 – жылдан баштап Кыргыз-Өзбек университетинин медициналык колледжинин «Жалпы медициналык сабактар » бирикмесинде окутуучу болуп эмгектенүүдө.

portfolio_2

Медициналык колледждин «Жалпы медициналык сабактар»
Кудайбердиева Айнура Мусажановна

1970-жылы 2-апрелде Ош областына караштуу Кара-Суу районунун Жапалак айылында туулган.
1977-жылы №76 Н.Г. Чернышевский атындагы орто мектептин
1- классына кабыл алынып, 1987-жылы ийгиликтуу аяктаган.
1988-1990 жылдары Джалал-Абад медициналык окуу жайында окуп «сестралык иши» адистигине ээ болгон.
1990-1994 жылы Ош шаарындагы куруучулардын медициналык санитардык болумундо хирургиялык медайым болуп иштеген.
1994-2001 жылдары уй-булолу болгонуна байланыштуу Кадамжай районунун «Джаны-Айыл» ФАП-да медайым болуп иштеген.
2001-2004 жж БатМУнун биология факультетинин сырттан окуу болумундо окуп, «биология мугалими» адистигине ээ болгон.
2002-2012 жж Баткен областынын Кадамжай районуна караштуу «Жошук» орто мектебинде биология мугалими болуп эмгектенген.
2013-жылдан азыркы убакка чейин Кыргыз-Өзбек университетинин медициналык колледжинин «жалпы медициналык сабактар» бирикмесине сестралык иштин негиздери сабагынан окуутучу болуп эмгектенип жатат.
Азыркы учурда үй-бүлөлү бир уул, эки кыздын энеси.

  • CSS Templates
  • portfolio_2
  • banner

Тарыхы

«Жалпы медициналык сабактар» бирикмеси. Бирикме башчысы Талипов Насир Төлөшович

«Жалпы медициналык сабактар» бирикмеси томонку 8 сабакты оз ичине камтыйт: 1. Кишинин анатомиясы жана физиологиясы.
2. Патологиялык анатомия жана патологиялык физиология.
3. Фармакология.
4. Клиникалык фармакология.
5. Адамдын гигиенасы жана экологиясы.
6. Дени сак адам жана анын чойрсу.
7. Сестралык иштин негиздери.
8. Социалдык патронаж.
Бирикмеде бугунку кундо томонку окутуучулар курамы эмгектенип жатышат:
1. Джумаев Р.М. - м.и.к., «Адамдын гигиенасы жана экологиясы» жана «Дени сак адам жана анын чойросу» сабактары окутуучусу;
2. Талипов Н.Т. - «Кишинин анатомиясы жана физиологиясы жалпы патология негиздери менен» жана «Фармакология» сабактары окутуучусу;
3. Токтобаева Р.О. - «Сестралык иштин негиздери» жана «Социалдык патронаж» сабактары окутуучусу;
4. Сатыбалдиев Н.М. - «Фармакология» жана «Клиникалык фармакология» сабактары окутуучусу;
5. Хашимова Т.И. - «Фармакология» жана «Клиникалык фармакология» сабактары окутуучусу;
6. Назарбекова А.К. - «Сестралык иштин негиздери» жана «Социалдык патронаж» сабактары окутуучусу;
7. Учуев У.А. - «Кишинин анатомиясы жана физиологиясы жалпы патология негиздери менен» сабагы окутуучусу;
8. Абдураимжанова М.З. - «Сестралык иштин негиздери» жана «Социалдык патронаж» сабактары окутуучусу;
9. Кудайбердиева А.М. - «Сестралык иштин негиздери» жана «Социалдык патронаж» сабактары окутуучусу;
10. Алдашева С.Т. - «Адамдын гигиенасы жана экологиясы» жана «Дени сак адам жана анын чойросу» сабактары окутуучусу;
11. Мамасаидов Ж.Ш. - «Кишинин анатомиясы жана физиологиясы жалпы патология негиздери менен» сабагы окутуучусу;
12. Мырзабаева А.А. - «Фармакология» жана «Клиникалык фармакология» сабактары окутуучусу;
13. Беков Б.И. - «Кишинин анатомиясы жана физиологиясы жалпы патология негиздери менен» сабагы окутуучусу;
14. Эгембердиева А.Т. - «Сестралык иштин негиздери» жана «Социалдык патронаж» сабактары окутуучусу;
15. Таджибаева А.М. - «Сестралык иштин негиздери» жана «Социалдык патронаж» сабактары окутуучусу;
16. Доранова Д.А. - «Фармакология» жана «Клиникалык фармакология» сабактары окутуучусу;
17. Саматова Ж.Ж. - «Фармакология» жана «Клиникалык фармакология» сабактары окутуучусу;
18. Абдыкаров М.М - «Кишинин анатомиясы жана физиологиясы жалпы патология негиздери менен» сабагы окутуучусу; 19. Сатар кызы Минавар – бирикменин лаборанты.
«Жалпы медициналык сабактар» бирикмесинде 20 сабак отуучу каана жана 4 лекция окуу кааналары бар. 2 лекция окуу каанасы мультимедиалык аппарат менен камсыздалган. Бирикменин №07 окуу каанасында анатомиялык музей жайгашкан, ал жерде адамдын органдарынан жасалган препараттар бар. №1 окуу каанасында студентер учун «Кишинин анатомиясы жана физиологиясы» сабагынан кърсътмъ куралдар – съъктър, плакаттар жана планшеттер бар. №208 жана №210 окуу кааналарында «Сестралык иштин негиздери» сабагынан студенттерге керектуу денгээлде билим беруу учун муляждар, фантомдор, бикстер жана башка медициналык жабдыктар жетиштуу.